• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Казакстанда коронавирус жуктургандардын саны 4 миң 753кө жетти

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 08.05.20. /Кабар/. Казакстанда коронавирус жуктургандардын саны 4 миң 753 кишиге жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Ал эми, өлкөдө коронавирус инфекциясынан каза болгон адамдардын саны 31ди түзөт. 23-апрелде COVID-19 диагнозу коюлган Павлодар шаарынын 57 жаштагы тургуну 6-майда кечинде каза болгон. 26-апрелде анын абалы оорлошуп, реанимация бөлүмүнө которулган. 29-апрелде жасалма дем алдыруу аппаратына кошулган.

Акыркы маалыматтар боюнча, коронавирустан 1518 адам айыгып чыкты.

Пикир

Оставить комментарий