• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Казакстанда коронавирус жуктургандардын саны 5 миң 138ге жетти

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 11.05.20. /Кабар/. Бүгүн, 11-майда Казакстанда коронавирус жуктурган 12 жаңы учур катталды. Бул тууралуу coronavirus2020.kz. сайтына таянуу менен Казинформ басылмасы жазып чыкты.

Ага ылайык, сутка ичинде Алматыда 3, Караганда облусунда 5, Маңгыстау облусунда бир, Кызылорда облусунда бир жана Актөбе облусунда 2 жаран илдетке кабылган. Казакстанда жалпысынан коронавирусту 5 миң 138 жаран жуктурду.

Алар:

Коронавирусту Нур-Султан шаарында 1 миң 74, Алматыда 1 миң 593, Шымкентте 233, Акмолада 110, Актөбе 174, Алматы облусунда 183, Атырауда 302, Чыгыш Казакстанда 51, Жамбылда 179, Батыш Казакстанда 252, Карагандыда 196, Костанайда 62, Кызылорда 230, Маңгыстауда 129, Павлодарда 154, Түндүк Казакстанда 36, Түркестан облусунда 180 жаран жуктурган.

Пикир

Оставить комментарий