• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Казакстанда коронавирус жуктургандардын саны дээрлик үч миңге жакындады

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 28.04.20. /Кабар/. Казакстандын Саламаттык сактоо министрлиги өлкөдө 2982 киши коронавирус инфекциясын жуктуруп алганын, алардын ичинен 725и айыгып, 25 бейтап көз жумганын билдирди.

Казакстанда бүгүн, 28-апрелде 32 кишиден COVID-19 вирусу табылды.

Күн мурун казак бийлиги карантин режимин акырындык менен жумшарта турганын кабарлаган. Ага ылайык, Нур-Султан, Алматы, Чымкент шаарында жана башка аймактарда 1-майдан тартып айрым ишканалар, анын ичинде курулуш компаниялары жана банктар иштей баштайт.

Казакстанда 16-мартта киргизилген өзгөчө абал режими 11-майга чейин узартылган.

Пикир

Оставить комментарий