• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Казакстанда коронавирус жуктуруп алган 15 жаран айыкты

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 27.03.20. /Кабар/. Казакстанда коронавирус жуктуруп алган 15 жаран айыгып, ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу Tengrinews.kz сайты жазып чыкты.

Ага ылайык, айыккан 13 адам Нур-Султан шаарында жүрөт. Алардын экөөсү ооруканадан буга чейин чыгарылган. Он бир адамды 28-мартта үйүнө жиберүү пландалган.

Алматыда дагы 2 жаран ооруканадан чыгарылган.

Белгилей кетсек, Казакстанда COVID-19 илдетин жуктурган 204 учур катталды.

Пикир

Оставить комментарий