• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Казакстанда коронавирус жуктуруп алган алтынчы адам көз жумду

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 05.04.20. /Кабар/. Чымкентте коронавирус жуктуруп алган бейтап көз жумду. Бул тууралуу мамлекеттик комиссиянын ыкчам штабына таянып Tengrinews.kz маалымдайт.

“Чымкент шаарында коронавирустук инфекция жуктуруп алган адам көз жумду. Бейтап 1964-жылы туулган”, - деп айтылат маалыматта.

Акыркы маалыматтар боюнча, республикада COVID-19 коронавирустук инфекциясын жуктуруп алгандардын саны 551ге, ал эми көз жумгандардын саны 6 адамга жетти.

Пикир

Оставить комментарий