• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Казакстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны кыскара баштады

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 10.06.21. /Кабар/. Казакстанда май айынан тарта коронавируска чалдыккандардын саны 2,1 эсе кыскарды. Бул тууралуу өлкөнүн саламаттык сактоо министри Алексей Цой билдиргенин “Казинформ” сайты жазып чыкты.

Өкмөттүн жыйынында министр Казакстанда 10-июнга карата илдетке кабылгандардын саны 397 миң 976 адамды түздү.

“Республикада ооруга кабылгандардын саны негизинен кыскарууда. Акыркы бир жумада илдетке кабылгандардын саны 11 миңден 8 миңге чейин азайды. Май айынан бери коронавирус менен ооругандар 2,1 эсе кыскарды”, - дейт Алексей Цой.

Пикир

Оставить комментарий