• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Казакстанда коронавирустан 110 адам айыкты

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 13.04.20. /Кабар/. Казакстанда коронавирустан дагы 10 адам айыкканын Tengrinews.kz басылмасы Coronavirus2020.kz. сайтына шилтеме берүү менен жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, Нур-Султан шаарындагы ооруканадан 5 адам чыгарылды. Атырау облусунда 3 адам жана Кызылорда, Маңгыстау облустарынан бирден адам айыккан. Жалпысынан Казакстанда COVID-19 вирусунан 110 адам айыкты.

Эскерте кетсек, илдеттен айыккан жүзүнчү адам 82 жаштагы Нур-Султандын тургуну болгон. Ал ооруканага жаткырылган күндөн баштап эсепке алганда 23-күнү башка ооруларына карабай коронавирустан айыккан.

Акыркы маалыматтарга караганда, өлкөдө 973 адам илдетти жуктуруп алган.

Пикир

Оставить комментарий