• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Казакстанда коронавирустан каза болгон адамдын өлүмүнүн себеби айтылды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 27.03.20. /Кабар/. Бүгүн, 27-мартта Казакстандын Акмола облусунун 64 жаштагы тургуну ооруканада жүргүзүлгөн интенсивдүү терапияга карабаскан каза болгонун NUR.KZ сайты жазып чыкты.

Казакстандын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматында, бейтап бир катар себептерден каза болгон. Бирок, негизги себеби коронавирустан улам пневмония дарты пайда болгон, ал бейтаптын өлүмүнө себеп болгон. 64 жаштагы бейтап Нур-Султандагы ооруканада жаткан.

Эскерте кетсек, буга чейин Казакстанда коронавирустан улам алгачкы бейтаптын каза болгону айтылган болчу.

Пикир

Оставить комментарий