• 84.8
  • 98.41
  • 1.19

Казакстанда коронавирустун "эта-штаммы" аныкталды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 21.09.21. /Кабар/. Казакстанда коронавирустун "Эта" штаммы (кээде аны Нигерия штаммы деп аташат) аныкталды. Бул тууралуу шейшембиде саламаттык сактоо министри Алексей Цой "Фейсбук" баракчасына жазды.

"Саламаттык сактоо министрлиги быйыл июль-август айларында КВИ бейтаптарынан алынган оң лабораториялык жыйынтыктарды сквенирлөө ыкмасы менен коронавирустук инфекцияга генетикалык иликтөө жүргүзгөн. Анын жыйынтыгына ылайык, Казакстанда 96 үлгүдөн ар түрдүү штаммдар аныкталган. (Delta "Индия штаммы" — 57 (59,4%), Alpha "британ" — 24 (25 %), "Ухань" коронавирусу — 10 (10,4 %) жана Eta "Нигери" — 5 (5,2 %)", —деп жазды Цой.

Анын маалыматына караганда, "Эта" штаммы Караганды, Павлодар, Маңгыстоо облустарында жана Нур-Султан шаарында аныкталган.

"Эта" штаммынын клиникалык белгилери "Альфа" жана "Бета" штаммдарындай эле жогорку температура, жөтөл, жыт жана даам сезүүнүн жоголушу, өнөкөт оорулардын күчөшү болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий