• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Казакстанда коронавирустун "индиялык штаммына" байланыштуу чектөө чаралары күчөтүлүшү мүмкүн

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 22.06.21. /Кабар/. 22-июнда Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин өлкөдө “индиялык штаммдын” белгилери байкалган вирустун мутациясы аныкталганына байланыштуу Нур-Султанда санитардык-эпидемиологиялык талапты күчөтүүнү тапшырды.

"Белгилүү болгондой, борбор калаада коронавирустун дельта-штаммга мүнөздүү болгон, тез жуккан жана тез өнүккөн, ошондой эле кесепеттери оорураак мутациясы аныкталды. Бүгүн санитардык-эпидемиологиялык чараларды күчөтүүнү иштеп чыгуу боюнча мекеме аралык комиссиянын жыйынын өткөрүүнү тапшырам", – деди Мамин.

Казакстандын саламаттык сактоо министри Алексей Цой өкмөт жыйынында коронавирус инфекциясына кабылган бейтаптарга жардам көрсөтүү үчүн ооруканаларды керектүү жабдуулар, дары-дармектер менен камсыздоо зарылдыгын белгиледи.

Белгилей кетсек, Нур-Султан коронавирус инфекциясынын жайылышы боюнча “кызыл” зонага кирет. Шаарда өткөн суткада вирус жуктурган 323 жаңы учур катталган.

Пикир

Оставить комментарий