• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Казакстанда кулаган учактан каза болгон Кыргызстандык учкуч 3 жылдан бери Казакстанда жүргөн

Коом 0

Бишкек, 04.10.17. /Айжамал Дуйшоева - Кабар Алматага жакын жерде кулаган Ан-28 учактын кыйроосунан каза болгон Кыргызстандык учкуч дээрлик 3 жылдан ашуун убакыттан бери Казакстанда жүргөн. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине КР унаа жана жолдор министрлигинин басма сөз катчысы Кылычбек Досумбеков билдирди.

Анын айтымына караганда, учкучтун аты Геннадий Цой, корей улутунан, 1963-жылы туулган. Дээрлик үч жыл мурда ал Казакстанга кеткен. Ушул күнгө чейин “Эйр Кыргызстан”, жана “Эйр Бишкекте” иштеп, Боинг, Як-40 жана башка учкучтарды башкарып, учур жүргөн.

Эске сала кетсек, Алматага жакын жерде Санитардык авиациянын Ан-28 учагы кыйрап, беш киши каза тапкан. Окуя 3-октябрь күнү кечинде Иле районунда болгон.

Акимчиликтин маалыматы боюнча учак дыйкан чарбасынын аймагына кулап, күйүп кеткен. Кырсык учурунда электр өткөрүү линиялары үзүлгөн.

Учак бейтапка жардам көрсөтүү үчүн Алмата-Шымкент-Алмата багыты боюнча бара жаткан. Маалыматтарга караганда, бортто үч учкуч жана эки медициналык кызматкер болгон.

Санитардык авиациянын учагы 18.35те Алматадан Шымкентти көздөй учуп, 12 мүнөттөн кийин локатордон жоголуп кеткен.

Пикир

Оставить комментарий