• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Казакстанда Кытайга барып келген 38 адам ооруканада жатат

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 30.01.20. /Кабар/. Казакстанда Кытайга барып келген 38 адам ооруканада атайын санитардык көзөмөлдө болууда. Бул тууралуу өлкөнүн саламаттык сактоо министри Елжан Биртанов билдиргенин РИА Новости жазып чыкты.

Анын айтымында, Казакстанда коронавирус илдетин жуктуруп алган учур катталган жок.

"Коронавирус илдетин жуктуруп алды деген шек менен 54 адам ооруканага жаткырылган. Алардын 16сынын диагнозу башка болуп, ооруканадан чыгарылган. Бүгүнкү күндө ооруканалардын жугуштуу бөлүмдөрүндө 38 адам атайын санитардык көзөмөлдө болууда. Диагностикалык изилдөө иштери уланууда", - дейт Биртанов.

Акыркы маалыматтарга караганда, Кытайда коронавирустун жаңы түрүнөн каза болгондордун саны 170ге жетти. Ал эми 7711 адам илдетти жуктуруп алган.

Эскерте кетсек, 2019-жылдын декабрь айында Кытайдын Ухань шаарында жаңы вирустун пайда болгону белгилүү болгон. Адистер аны коронавирустун жаңы түрү "2019-nCoV" деп атаган. Кытайдан тышкары илдетти жуктуруп алгандар Гонконг, Макао, Тайван, Таиланд, Япония, Түштүк Корея, АКШ, Канада, Вьетнам, Сингапур, Непал, Франция, Австралия жана Малайзияда байкалган.

Пикир

Оставить комментарий