• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Казакстанда кызгалдак үзгөн 8 киши жоопкерчиликке тартылууда

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек. 16.04.19 /Кабар/. Түркстан облусунда кызыл китептке кирген “Грейт кызгалдагын жулган” кишилер жоопкерчиликке тартылууда. Бул тууралуу облустук полиция департаменти билдирди.

Департаменттин маалыматына караганда, Грейт кызгалдагын үзгөн сегиз киши Кылмыш кодексинин “Сейрек жана жоголуп кетүү коркунучундагы өсүмдүктөргө туура эмес мамиле жасоо, пайдаланууга тыюу салынган түрлөрү менен мыйзамсыз алектенүү” беренеси боюнча айыпталууда.

Тергөө учурунда алардын күнөөлүү экени аныкталса, үч миң минималдык айлык эсептик көрсөткүчтөгү айыппул салынат, же коомдук жумуштарга тартылат, болбосо үч жылга чейин эркинен ажыратылат.

Казакстан өкмөтүнүн 2006-жылдагы токтомунун негизинде, жыйырмадай кызгалдактын түрү жоголуп кетүү коркунучундагы өсүмдүктөрдүн тизмесине киргизилген.

Пикир

Оставить комментарий