• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Казакстанда майрамдарга карата коопсуздук чаралары күчөтүлдү

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек. 07.05.19 /Кабар/. Казакстанда 6-12-май аралыгында ички иштер органдарынын жеке курамы күчөтүлгөн иш режимине өтөт. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Министрликтин маалыматына караганда, бул күндөрү көчөлөрдө жана коомдук жайларда коопсуздукту камсыздоо максатында полиция кызматкерлеринин саны көбөйөт. ИИМ маданий иш-чаралар менен “Өлбөс полк” жүрүшү өтө турган аймактарда коопсуздук чаралары күчөтүлөрүн кабарлады.

Министрлик коомдук тартипти бузуу, иш-чараларды өткөрүүгө кедерги тийгизүү фактылары катталса, полиция мыйзам чегинде чара көрөрүн маалымдады.

Казакстанда 7-май Ата Мекен коргоочулары, 9-май Жеңиш күнү иретинде белгиленет.

Пикир

Оставить комментарий