• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Казакстанда маралга аңчылык кылган эки кыргызстандык кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 16.08.17 /Кабар/. Казакстандык чек арачылар Алмата облусунун аймагында маралга аңчылык кылган Кыргызстандын эки жаранын кармашкан. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн чек ара кызматынын сайтында билдирилген.

Кармалгандардын “Тигр” маркасындагы куралы 26 даана ок-дарысы менен, “ТОЗ” курал 13 даана ок-дарысы менен, бүктөмө бычак жана дүрбүсү алынган.

Ошондой эле, 3-4 күндүк тамак-ашы, аңчылык буюмдары – атайын кийим, аркан, кап ж.б. алынган.

Кармалгандар аңчылык кылып жүргөндөрүн моюндарына албай, Казакстандын аймагына мал издеп жүрүп, адашып келип алгандарын, куралдарды жапайы жаныбарлардан коргонуу үчүн алып жүрүшкөнүн айтышкан.

Кыргызстандыктар Ысык-Көл облусу менен чектеш Казакстандын Райымбек районунда кармалышкан.

Бул факт тууралуу кыргыз тарапка маалымат берилген.

Пикир

Оставить комментарий