• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Казакстанда массалык иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 13.03.20. /Кабар/. Казакстандын мектептери 16-марттан 5-апрелге чейин каникулга тарап, жогорку окуу жайлар аралыктан окутуу ыкмасына өтүшөт. Бул тууралуу өлкөнүн премьер-министринин орун басары Ералы Тугжанов Нур-Султанда өткөн брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, мындан тышкары коронавирустун өлкөгө кирүүсүнө жол бербөө максатында түрдүү конференцияларды, семинарларды, майрамдык, спорттук жана маданий иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынды.

Тугжанов өлкөдөгү азык-түлүк тартыштыгы тууралуу билдирүүлөрдү четке какты.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев «Твиттердеги» баракчасына өлкөдө азык-түлүктүн жана зарыл товарлардын жетишсиздиги болбой турганын жазды.

Бейшемби күнү эртең менен Алматы жана Нур-Султан шаарларындагы акча алмаштыруу жайларында доллардын курсу 400 теңгеден ашты. Буга 11-мартта Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавирустун жайылуусун пандемия деп атагандан кийинки мунайдын арзандашы себеп болду.

Пикир

Оставить комментарий