• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Казакстанда мажилис жана маслихат депутаттары шайланууда

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 10.01.21. /Кабар/. Казакстанда парламенттин төмөнкү палатасы эсептелген мажилистин жана бардык деңгээлдеги маслихаттардын (жергиликтүү кеңеш) депутаттары шайланууда.

Шайлоого өлкөдөгү алты саясий партиянын бешөө катышууда: «Казакстандын элдик партиясы», «Нур Отан», «Ауыл», «Ак жол» жана «Адал». Өзүн оппозициялык маанайдагы партия деп атап жүргөн «Жалпы улуттук социал-демократиялык партия шайлоого бойкот жарыялаган. Партия жетекчилиги мындай чечимин өлкөнүн саясий талаасында «мурдагы эле» саясий элита басымдуулук кылып жатканы менен түшүндүргөн.

Өлкө боюнча эртең мененки саат жетиде 10 миңден ашык шайлоо тилкеси ачылды. Алар 20:00гө чейин иштейт. БШК мындан тышкары Казакстандын чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык өкүлчүлүктөрүндө 60тан көп тилке ачылганын билдирди.

Бүгүн партиялык тизме менен мажилистин 98 депутаты шайланат. Калган тогуз депутат Казакстандын элдик ассамблеясында тандалат. Этномаданий борборлорду бириктирген бул конституциялык органды өлкөнүн мурдагы президенти Нурсултан Назарбаев жетектейт. Ассамблеяда депутаттар эртең тандалышы керек.

БШКнын маалыматына караганда, шайлоочулардын тизмесинде 11,9 миллион жаран бар.

Парламентке өтүү үчүн партиялар шайлоочулардын 7% көбүнүн добушун алышы керек. Эгер бул чектен бир гана партия ашса, анда алган добушуна карабастан экинчи орун алган партия да парламентке келет.

Мажилис жана маслихаттардын мүчөлөрү беш жылдык мөөнөткө шайланышат. Маслихаттарга (жергиликтүү өкүлчүлүк органдарына) 3 276 депутат шайланышы керек.

Бул жолу өлкө тарыхында алгачкы жолу маслихат депутаттары партиялык тизмелер боюнча гана шайланууда.

Шайлоонун алдында байкоочуларга карата талаптар кескин катаалдатылган. Аларга шайлоо тилкелеринде сүрөткө жана видеого тартууга тыюу салынган. Ошондой эле жаңы эрежелерге ылайык, айрым уюмдар өз байкоочуларын мониторинг иштерине катыштыра алышпайт. Мындан тышкары байкоочулар менен комиссия мүчөлөрү ПЧР-тест тапшырууга милдеттендирилген.

Беделдүү эл аралык уюмдардын байкоочулары Казакстандагы буга чейинки бир да шайлоону эркин жана акыйкат өттү деп тааныган эмес.

Пикир

Оставить комментарий