• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Казакстанда медиктер "150дөн ашык жасалма эмдөө паспортун сатканы" аныкталды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 14.09.21. /Кабар/. Казакстандын Мангистау облусунда коронавируска каршы вакцина алганы тууралуу жасалма эмдөө паспортторун саткан фактылар аныкталды. Бул тууралуу облустук полиция департаментинин башчысынын орун басары Алтынбек Калиев билдирди.

Анын айтымында, жалган эмдөө паспорттору Жаңы-Өзөн, Актау жана Мунайлы райондорундагы жеке жана мамлекеттик ооруканаларда сатылган.

"Медициналык документтер вакцина албаган 150дөн ашык жаранга 50 миң теңгеден сатылып, маалыматтар базасына киргизилген. Бул боюнча кабарлар бизге июль айында эле келип, андан бери полиция кызматкерлери сегиз шектүүнү аныктады. Алардын арасында медицина кызматкерлери жана ыктымал ортомчулар бар", — деди Калиев.

Шектүүлөр аймактан чыкпоо тууралуу тилкаттын негизинде бошотулган. Эгер алар күнөөлүү деп табылса, 40 айлык эсептик көрсөткүч өлчөмүндө (116 680 теңге) айып пул төлөөгө жана коомдук жумуштарды аткарууга милдеттендирилиши мүмкүн.

"Учурда тергөө иштери уланууда. Андыктан шектүүлөрдүн саны мындан да көбөйүшү мүмкүн", — деп кошумчалады Калиев.

Казакстанда эмдөө паспорту коронавируска каршы препараттын эки дозасын тең алгандарга берилет. Өлкөдө 6-сентябрдан баштап вакцина албагандардын иши чектелери айтылган. Эмделбеген кызматкерлер 15 күн сайын ПЧР-тест тапшырууга милдеттүү болушат.

Пикир

Оставить комментарий