• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Казакстанда медициналык документтерди колго жасаган цех аныкталды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 16.09.21. /Кабар/. Казакстандын Улуттук коопсузук комитети Петропавловск шаарында медициналык документтерди колго жасаган цехтин ишин ашкерелегенин кабарлады.

Комитеттин маалыматына караганда, цех ээлери ПЧР аныктама, дарыгерлердин корутундусун, чет өлкөлүк медициналык мекемелерге дарыланууга чакыруу каттарын колго жасап, пандемия учурунда жарандардын чек арадан мыйзамсыз өтүшүнө көмөктөшүп турушкан.

Тинтүү учурунунда казакстандык жана орусиялык медициналык мекемелердин жасалма мөөрлөрү, облустук клиникалык-диагностикалык лабораториялар менен бейтапканалардын ПЧР-тесттеринин кортундулары жана нак акча табылган.

Бул боюнча Кылмыш кодексинин "Мыйзамсыз миграцияны уюштуруу" беренеси боюнча иш козголду.

Казакстанда кийинки кездерде коронавируска байланыштуу документтерди жасалмалоо, анын ичинде ПЧР тест менен вакцина паспортун колго жасоо фактылары катталганы тууралуу маалыматтар көп чыгууда. 15-сентябрда Актөбөдө дарыгер жана анын күйөөсү ПЧР тесттин жалган аныктамасын сатуу айыбы менен соттолгон. Андан мурун Мангистау облусунда полиция 150 эмдөө паспортун саткан 8 кишинин кармалганын кабарлаган.

Пикир

Оставить комментарий