• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Казакстанда менингиттен каза болгондордун саны 13кө жетти

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 06.06.18. /Кабар/. Казакстанда быйыл жыл башынан бери менингококк инфекциясын жугузуп алган 59 адам катталган. Алардын 21и 14 жашка чыга эле балдар. Бул тууралуу бүгүн өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, ооруну жуктуруп алгандардын 13ү каза тапкан: Алматыда — 6, Алматы облусунда – 4, Түштүк Казакстан облусунда – 2 жана Кызылордо облусунда – 1.

4-июнда өлкөнүн саламаттык сактоо министри Елжан Биртанов жыл башынан бери менингококк инфекциясынан 12 киши каза болгонун билдирген. Ошол эле күнү Талдыкоргон шаарынын 17 жаштагы тургуну болжолдуу менен бул дартты жуктуруп алгандан кийин каза тапканы белгилүү болгон.

Саламаттык сактоо министрлиги коомдо тараган тынчсызданууга себеп жоктугун айтып, кырдаал көзөмөлдө экенин билдирүүдө. Мекеменин билдирүүсүндө инфекциянын булагы эч кандай медициналык белгилери байкалбаган менингококту алып жүрүүчүлөр болушу мүмкүндүгү белгиленип, бул оору кыш жана жаз мезгилдеринде кезиге турганы айтылган.

Менингококк инфекциясы —түрдүү симптомдор менен коштолгон курч мүнөздөгү инфекциялык оору.

Пикир

Оставить комментарий