• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Казакстанда мерт болгон өзбек жарандарынын үй-бүлөлөрү акчалай жардам алышат

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 22.01.18 /Кабар/. Казакстандын Актөбө облусундагы автобус кырсыгынан каза болгон Өзбекстандын жарандарынын үй-бүлөлөрү акчалай жардам алышат.

«Самара-Шымкент автожолундагы кырсыкта каза болгон Өзбекстандын 52 жаранынын үй-бүлөлөрүнө бир жолку жөлөкпул бөлүнүп берилет», – деп билдирди мамлекет башчынын басма сөз кызматы.

Мекеменин билдирүүсүндө жер-жерлерде жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, Саламаттыкты сактоо министрлигинин бөлүмдөрү жана маале активисттери тарабынан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө моралдык жана материалдык колдоо көрсөтүү боюнча иштер жүрүп жатканы белгиленген.

Буга чейин Шавкат Мирзиёев бул окуя өлкөдө иш менен камсыз кылууга шарттар түзүлбөгөнүн көрсөткөнүн айткан.

Жүргүнчү ташыган автобус 18-январда Самара-Шымкент автожолунун Актөбө облусунун Иргиз районундагы бөлүгүндө күйүп кеткен. Казакстан бийлигинин маалыматы боюнча автобустагы 57 кишинин 52си өлгөн. Алардын бардыгы Өзбекстандын жарандары болушкан. Казакстандын үч жана Өзбекстандын эки жараны аман калган.

Булагы: CENTRAL ASIAN

Пикир

Оставить комментарий