• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Казакстанда ММКлар үчүн бюджеттен бөлүнгөн каражат көлөмү ачыкка чыккан жок

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 04.04.18 /Кабар/. Астана шаардык сотунун апелляциялык коллегиясы “Укуктук медиа-борбор” коомдук бирикмесинин Маалымат жана коммуникация министрлигине берген доо арызын канааттандырган жок.

Былтыр укук коргоочулар Маалымат жана коммуникация министрлигинен ар бир ММК үчүн былтыр бюджеттен канча каражат бөлүнгөнү тууралуу маалыматты ачыкка чыгарууну талап кылышкан. Министрлик кайсы ММК мамлекеттик бюджеттен канча көлөмдө акча алганын ачыктоодон баш тарткан.

Сот маалыматты үчүнчү жакка берүү “ММКлардын укуктарын жана кызыкчылыктарын” бузат деген бүтүмгө келген.

“Укуктук медиа-борбордун” юристи Гүлмира Биржанова фонд апелляциялык соттун чечимине макул эместигин жана Жогорку сотко арыз менен кайрылууга ниеттенип жатканын маалымдады.

2017-жылы июлда министрликтин сайтында маалымат саясатын республикалык деңгээлде жүргүзүү үчүн мамлекеттик заказдын жыйынтыктарынын протоколу жарыяланган. Бирок эки миллиард теңгеден ашык суммадагы бюджеттик каражатты кимдер алганы тууралуу маалымат ачыкка чыгарылган эмес.

Пикир

Оставить комментарий