• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Казакстанда ММКлар жөнүндө мыйзам долбоорун өзгөртүүнү сунушташууда

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 25.09.17 /Кабар/. Казакстанда “Адил сөз” уюму Маалымат жана байланыш министрлигине парламенттен ММКлар тууралуу мыйзам долбоорун чакыртып алууну жана токтоосуз түрдө жаңы мыйзам иштеп чыгууну сунуштады.

Уюмдун жетекчиси Тамара Калееванын айтымында, учурдагы мыйзам легитимдүү эмес, себеби ага жүздөн ашуун өзгөртүүлөр киргизилген. Ошондуктан ал жаңы редакцияга муктаж.

"Бул мыйзам эскирди. Анда интернет менен тыгыз иштеген негизги ММК көрсөтүлгөн эмес. Башкача айтканда бул жерде интернет басылмалары жакшы түзүлбөй калган. Башка карама-каршылыктар жөнүндө айтпай эле коеюн", - деди Тамара Калеева.

Анын айтымында, Казакстан жаңы ММКларды жөндөй албаган карама-каршылыктуу, толук эмес мыйзамга ээ.

Жаңы мыйзам долбооруна ылайык, Казакстанда журналисттер маалыматтын аныктыгын суроо жиберүү аркылуу текшерүүгө, ошондой эле макалада аты аталган адамдардын жеке, үй-бүлөлүк, банктык жана башка сырларын жарыялоо үчүн алардын макулдугун алууга милдеттендирилет. Жергиликтүү укук коргоочулар буга макул эмес.

Пикир

Оставить комментарий