• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Казакстанда мунай кенинин жатаканасындагы өрттөн эки киши каза болду

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 06.09.21. /Кабар/. 6-сентябрда Казакстандын Мангистау облусунда жайгашкан Боранкөл мунай кенинин жатаканасында өрт чыгып, эки киши каза болду. Бул тууралуу "КазМунайГаз" компаниясынын басма сөз кызматы кабарлады.

"Өрт "КазМунайТениз" ишканасынын эки кабаттуу жатаканасында чыккан. Болжолдуу маалыматтар боюнча эки киши каза болуп, үчөө жаракат алды», — деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.

Компаниянын маалыматына караганда, учурда өрт өчүрүлүп, анын келип чыгуу себептери такталып жатат.

Пикир

Оставить комментарий