• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Казакстанда мыйзамсыз бөйрөк алмаштырууга айыпталган дарыгер эки айга камалды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 22.11.19. /Кабар/. 20-ноябрда Нур-Султан шаардык соту чет өлкөлүктөргө бөйрөк алмаштыруу боюнча мыйзамсыз операцияларды жасаган деп айыпталган Чымкент шаардык №1 клиникалык ооруканасынын башкы дарыгери Абылай Донбайды эки айга камакка алуу чечимин чыгарды.

Чымкент шаардык саламаттык сактоо департаментинин маалыматына караганда, калаада бөйрөк алмаштыруу боюнча операциялар 2013-жылдан бери жасала баштаган. Андан бери мындай операция 106 адамга жасалган.

19-ноябрда казак ИИМи Абылай Донбай “Трансулуттук кылмыштуу топтун ишине катышуу” жана “Кишинин органдарын мыйзамсыз алуу” беренелери боюнча шектелип жатканын билдирген. Тергөөнүн маалыматына караганда, 2017-2018-жылдары ал иштеген ооруканада акчага муктаж Өзбекстан, Кыргызстан жана Украина жарандарынын бөйрөгү башка бейтаптарга, негизинен Израиль жарандарына мыйзамсыз түрдө салынып келген.

Быйыл октябрда өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги чет өлкөлүктөрдүн Казакстанда органдарды алмаштыруу боюнча операция жасатуусуна тыюу салууну сунуштаган мыйзам долбоорун парламенттин кароосуна алып чыккан.

Дүйнө өлкөлөрүндө, анын ичинде Казакстанда адамдын органдары менен ткандарын сатууга тыюу салынган.

Пикир

Оставить комментарий