• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Казакстанда Назарбаевдин сүрөтү түшүрүлгөн 20 миң теңгелик банкнот жүгүртүүгө чыкты

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 01.12.21. /Кабар/. Казакстанда мурдагы президент Нурсултан Назарбаевдин сүрөтү менен 20 миң теңгелик жаңы банкнот жүгүртүүгө чыгарылды. Бул тууралуу өлкөнүн Улуттук банкы маалымдады.

20 миң теңге – Казакстан улуттук валютасынын номиналы эң чоң банкноту. Куну болжол менен 46 АКШ долларына барабар. Азыр колдонулуп жаткан башка номиналдуу теңгелерде адамдын сүрөтү жок.

Банкноттун бир бетине 2019-жылы кызматынан кеткен экс-президент Нурсултан Назарбаевдин голографиялык сүрөтү менен кошо Нур-Султандагы "Казак эли" монументи, борбор калаадагы триумфалдык арка жана казак улуттук орнаментинин фрагменти түшүрүлгөн. Экинчи бетинде Назарбаевдин портрети, Нур-Султан шаарынын жана президенттин резиденциясы – Акордонун панорамалык көрүнүшү, Казакстан эгемендигинин 30 жылдык белгиси бар.

Назарбаевдин сүрөтү бар мааракелик 10 миң теңгелик банкнот 2016-жылы чыгарылган.

Казакстандын улуттук валютасы — теңге 1993-жылы 15-ноябрда жүгүртүүгө чыккан. Ал кездеги банкноттордо Абылай-хан, Абай, Курмангазы жана башка тарыхый инсандардын сүрөттөрү болгон. 2000-жылдары жаңы дизайндагы, кишилердин сүрөттөрү жок акчалар жүгүртүүгө чыккан.

Пикир

Оставить комментарий