• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Казакстанда Назарбаевдин жубайынын атындагы парк ачылат

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 15.11.17 /Кабар/. Акмоло облусунда Сара Назарбаева атындагы жаратылыш паркын ачуу боюнча долбоор сунушталууда. Ал Казакстан президентинин жубайы, акыркы убактарда эл алдына өтө сейрек чыгууда.

Долбоордун бет ачары грант берүүчүлөрдүн WAKE UP-2017 форумунун алкагында өттү.

“Туруктуу өнүгүү” корунун президенти Алан Бесендин билдиришинче, долбоордун максаты “Акколдогу биосфералык көп түрдүүлүктү сактоо” болуп эсептелет. Анын айтымында, жаратылыш паркы туризм тармагындагы бизнес долбоорлорду өнүктүрүүгө жол ачат.

Жергиликтүү жана республикалык деңгээлде долбоордун бет ачары өткөндөн кийин аны ишке ашыруу мөөнөтү жарыяланат.

2010-жылы июнь айында Алматыда президент Нурсултан Назарбаевдин туулган күнүнүнө карата дендропарк ачылган. Астанада жана Актөбөдөгү парктарга мамлекет жетекчисинин ысымы берилген.

Булагы: CENTRAL ASIAN

Пикир

Оставить комментарий