• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Казакстанда ондогон окуучу белгисиз заттан ууланды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 19.03.19. /Кабар/. 18-мартта Шымкенттеги № 54 мектепте 38 окуучу белгисиз заттан ууланып, ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу centralasian кызматына Шымкент шаардык ден соолукту сактоо башкармалыгы билдирди.

Маалыматтарга караганда, иске уулангандардын арасында бир мугалим менен бир техникалык кызматкер бар.

"24 адам дарыгерлердин жардамынан кийин үйлөрүнө кайтты. 12 киши ооруканада жатат. Иске уулангандардын саны өсүшү мүмкүн",– деди ден соолукту сактоо башкармалыгынын басма сөз катчысы Лаура Накымкызы.

Мектептен жүздөй мугалим жана техникалык кызматкер, ошондой эле 877 окуучу эвакуацияланган. Учурда териштирүү иштери жүрүүдө. Мектепте газ болгон эмес. Өзгөчө кырдаалдар департаментинин алдын ала маалыматы боюнча ис мектеп аймагына сырттан келиши мүмкүн.

Пикир

Оставить комментарий