• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Казакстанда парламенттин төмөнкү палатасына депутаттарды шайлоо 10-январга белгиленди

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 21.10.20/Кабар/. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев парламенттин төмөнкү палатасына – мажилиске шайлоону 10-январга белгиледи. Тиешелүү жарлык 21-октябрда Акордонун сайтына жарыяланды.

Жарлыкка ылайык, партиялык тизме менен депутаттарды шайлоо 10-январда, Казакстан эл ассамблеясы аркылуу депутаттарды шайлоо 11-январда өтөт.

Борбордук шайлоо комиссиясына шайлоого даярдык көрүүнү уюштурууга тапшырма берилди.

Мажилистин азыркы чакырылышынын ыйгарым укуктары кийинки жылы март айында бүтөт. Мажилисте 107 депутат бар. Алардын 98и партиялык тизме менен, калганы Казакстан эл ассамблеясы аркылуу шайланат.

Казакстанда акыркы жолу мажилис шайлоосу 2016-жылы 20-мартта өткөн.

Пикир

Оставить комментарий