• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Казакстанда ПЧР-тестин сатууга айыпталган дарыгерге өкүм чыкты

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 15.09.21. /Кабар/. 14-сентябрда Актөбө соту ПЧР тесттин жалган аныктамасын сатты деп айыпталган дарыгер менен анын күйөөсүнө карата өкүм чыгарды. Сот өкүмү күчүнө кирсе, жоопкерчиликке тартылган жубайлардын ар бири 200 айлык эсептик көрсөткүч көлөмүндө (1300 доллар) айыппул төлөйт.

Тергөө материалдарына караганда, Актөбө тургуну жеке клиникалардын биринде дарыгер болуп иштеген аялына ПЧР тесттин жалган аныктамасы керек кардарларды таап берип турган. Дарыгер аял тогуз адамдын документин жасаган. Ар биринен 7500 теңгеден алган.

Тергөө дарыгер менен анын күйөөсүн “жалган документтери, мөөрлөрдү, мамлекеттик почта төлөм белгилерин, мамлекеттик сыйлыктарды колго жасоо же сатуу” беренеси боюнча айыптаган. Прокуратура айыпталуучуларды бир жылга эркинен ажыратууну сураган.

Казакстанда кийинки кездерде коронавируска байланыштуу документтерди жасалмалоо, анын ичинде ПЧР тест менен вакцина паспортун колго жасоо фактылары катталганы тууралуу маалыматтар көп чыгууда. Бир күн мурун Мангистау облусунда полиция 150 эмдөө паспортун саткан 8 кишинин кармалганын кабарлаган.

Буга чейин Казакстандын Ички иштер министрлиги мыйзамда жалган документ жасоо үчүн 4 жылга чейин түрмө жазасы каралганын, аны пайдалангандар 40 күнгө чейин камалышы мүмкүн экенин эскерткен.

Пикир

Оставить комментарий