• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Казакстанда пенсия көбөйөт

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 21-июнь /Кабар/. Казакстан президенти пенсиянын жогорулашын шарттаган социалдык камсыздандыруу жөнүндөгү мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөргө кол койду. Ага ылайык, пенсия менен катар жаңы төрөлгөн наристеге бир жолу берилүүчү жөлөк пулдун көлөмү дагы көбөйдү.

Быйыл 1-июлдан тарта пенсиянын базалык көлөмү 13 пайызга чейин жогорулайт. Минималдык пенсия 40 миң 950 теңгени (125 доллардын тегереги) түзөт.

Былтыр бийлик пенсияны көтөрүү пландарын жарыялагандан кийин көп узабай, пенсия фондунун активдери сакталган эл аралык банк банкротко учураган. Казак мыйзамдарына жараша, иштеген ар бир жаран айлык акысынын 10 пайызын пенсиялык фондго которуп туруусу керек.

Казакстанда эки миллиондун тегерегинде пенсионер бар. Пенсия жана жөлөк пулдарды көбөйтүү үчүн 81,6 миллиард теңге бөлүндү.

Булагы CENTRAL ASIAN

Пикир

Оставить комментарий