• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Казакстанда Pfizer вакцинасы убактылуу каттоого алынды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 02.09.21. /Кабар/. Казакстанда калкты коронавируска каршы Comirnaty (Комирнати) Pfizer/BioNTech вакцинасы менен эмдөөгө уруксат берилди.

Өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Медициналык жана фармацевтикалык көзөмөл комитети Comirnaty вакцинасына сегиз айга убактылуу каттоо күбөлүгү берилгенин кабарлады.

Comirnaty — рибонуклеин кислоталарынын негизинде америкалык Pfizer жана германиялык BioNTech компаниялары биргелешип өндүргөн вакцинанын сатыктагы аталышы. Ал Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) тарабынан коронавируска каршы эмдөөгө алгачкылардан болуп уруксат берилген вакцина. Казакстанда Pfizer’ди күткөндөр аз эмес, анткени калк арасында өлкөдө өндүрүлүп жаткан вакциналардан шектенгендер бар.

Азырынча Pfizer/BionTech Казакстанга качан келери белгисиз. Саламаттык сактоо министрлиги вакцинанын алгачкы партиясы октябрда келет деп күтүлүп жатканын билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, аны менен алгач 12 жаштан жогору өспүрүмдөрдү эмдөө пландалууда.

Казакстанда калкты эмдөө үчүн негизинен ата мекендик QazVac жана Караганда шаарында өндүрүлүп жаткан орусиялык "Спутник V" вакциналары колдонулуп жатат. Мындан тышкары өлкөдө Бириккен Араб Эмираттарында өндүрүлгөн Кытайдын Sinopharm компаниясына таандык Hayat-Vax, кытайлык SinoVac компаниясынын СoronaVac жана орусиялык "Спутник Лайт" вакциналары жактырылган.

Казакстанда калкты эмдөө иштери башталган февраль айынан бери 5,4 миллион кишиге вакцинанын эки дозасы тең сайылды. 6,6 миллион киши биринчи дозасын алды.

ДССУ жактырган вакциналардын арасында Pfizer/BionTech вакцинасынан тышкары Sinopharm, Biotech, Moderna, Johnson & Johnson, ошондой эле AstraZeneca компаниясынын эки вакцинасы бар.

Пикир

Оставить комментарий