• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Казакстанда почта дрону сыноодон өттү

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 08.05.18 /Кабар/. Казакстандын Алматы облусунда вице-премьер Аскар Жумагалиевдин жана «Казпочта» ишканасынын жетекчилигинин катышуусунда сыноодон өткөн почта дрону алгач кулап калып, экинчи жолу гана учуп кете алды.

Маалыматка караганда, почта дрондору буга чейин тесттик режимде сегиз айдан бери учурулуп келген. Эми болсо иштеп чыгуучулар анын жаңы үлгүсүн сынап көрүшүүдө. Алардын айтымында, жаңы иштелип чыккан дрон эки эсе узак учуп (80 чакырымга чейин), эки эсе оор (4 килограммга чейин) жүк жеткирүүгө жөндөмдүү.

«Казпочта» ишканасы дрондорду өлкөнүн төрт облусуна гезит-журналдарды жеткирүү үчүн пайдаланууну көздөп жатат.

Мекеменин башчысы Серик Сарсеновдун айтымында, жаңы аппараттар жазылуучуларга гезиттер менен журналдарды бысылып чыккан күнү эле жеткирүүгө жөндөмдүү. Ал дрондор типографияларда жүктөлгөн жүктү түз эле белгиленген жерге жеткирип берип, аны почточулар тосуп аларын кошумчалады.

«Казпочта» ишканасы үчүн дрондорду казакстандык Adrome Automation компаниясы чыгарат. Компаниянын башкы директору Алексей Кимдин билдиришинче, аппараттарды алар өзүлөрү чогултушат, бирок микросхемалар чет өлкөлөрдөн сатып алынат. Анын айтымында, компаниянын өндүрүшүндөгү аппараттардын баасы 5 миң доллардан жогору.

Апрелдин башында «Орусия почтасы» дагы алгачкы жолу кичинекей жүктү дрондун жардамы менен жеткирүүгө аракет кылган. Бурятияда сыноодон өткөрүлгөн «Рудрон/Экспедитор 3М» үлгүсүндөгү дрон эки килограммдык жүктү орточо саатына 70 чакырым ылдымдык менен 60 чакырым аралыкка жеткириши керек болчу. Бирок ал абага көтөрүлгөндөн көп өтпөй эле жакын жердеги көп кабаттуу үйлөрдүн бирине урунуп, жерге кулаган.​

Булагы: CENTRAL ASIAN

Пикир

Оставить комментарий