• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Казакстанда поезд кырсыгынан бир өспүрүм каза болду

Коом 0

Бишкек, 18.06.18. /Кабар/. Казакстандын түштүгүндө «Астана — Алматы» каттамы боюнча бараткан жүргүнчү ташыган поезддин бир нече вагону рельстен чыгып кетти. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар өлкө ИИМинин өзгөчө кырдаалдар комитетинин өкүлү Руслан Иманкуловго шилтеме кылып жазышты.

Маалыматка караганда, кырсыктан бир өспүрүм каза болуп, дагы үч киши жаракат алды. Шу станциясына жакын жерде болгон аварияда сегиз вагон рельстен чыгып, үчөөсү оодарылып кеткени айтылууда.

Жаракат алгандар райондук ооруканага жеткирилди. Калган жүргүнчүлөр Шу станциясына чейин Астана — Кызылордо каттамы боюнча бараткан поездге отургузулду.

Окуяны тергөө үчүн Инвестициялар жана өнүктүрүү министрлигинин алдындагы транспорт комитети тарабынан атайын комиссия түзүлдү.

Пикир

Оставить комментарий