• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Казакстанда президенттик шайлоо 2019-жылдын 9-июнунда өтөт

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек. 09.04.19 /Кабар/. Казакстанда кезексиз президенттик шайлоо 2019-жылдын 9-июнунда өтөт. Бул тууралуу өлкөнүн президенти Касым-Жомарт Токаев билдирди.

"Мен Нурсултан Назарбаев, өкмөт башчы, парламент төрагалары, Конституциялык кеңеш жана партиялардын жетекчилери менен кеңештим. Президенттик шайлоону 2019-жылдын 9-июнунда өткөрүү чечимин кабыл алдым. Президенттик шайлоо ачык жана таза өтөт", – деди Токаев.

Эске салсак, 19-мартта Казакстандын тунгуч президенти 79 жаштагы Нурсултан Назарбаев өз эрки менен отставкага кетти.

Назарбаев "Нур Отан" партиясынын лидери жана Коопсуздук кеңешинин төрагасы бойдон кала берерин билдирди.

Казакстанда президенттин ыйгарым укуктарын убактылуу аткаруу милдети Касым-Жомарт Токаевге жүктөлгөн. Ал буга чейин казак парламентинин сенатынын төрагасы болчу.

Өлкөнүн Конституциясына ылайык, Токаев 2020-жылга чейин Казакстандын президенти боло алат.

Пикир

Оставить комментарий