• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Казакстанда президенттин Январь окуяларында өрттөлгөн Алматыдагы резиденциясы түрттүрүлөт

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 03.03.22. /Кабар/. Январь окуялары маалында өрттөлгөн президенттин Алматы шаарындагы кызматтык резиденциясынын имараты түрттүрүлөт. Бул тууралуу 2-мартта казак президентинин басма сөз катчысы Берик Курмангали билдирди.

Алматыдагы Назарбаев проспектисинде жайгашкан бул имарат "Казакстандын биринчи президенти – Элбашынын резиденциясы" катары республикалык маанидеги тарыхый жана маданий эстеликтердин мамлекеттик тизмесинде турат.

Өткөн айда басылмалар президенттин иш башкармалыгы резиденция имаратын калыбына келтирүү иштерин баштоону пландап жатканын кабарлашкан. Анда анын биринчи кабатында "талоончулар айдап кирген автоунаа жарылып, өрттөнүп кеткени" айтылган.

"Экинчи кабаттын таяныч конструкцияларынын зыянга учураганы кооптуу болуп турат. Бул имаратты калыбына келтирүүгө болобу-болбойбу деген маселени жаратууда", — деп билдиришкен анда иш башкармалыктан. Бирок Казакстандын көп профилдүү Реконструкция жана өнүгүү институтунун эксперттери ал конструкцияларды алмаштырса болорун айтышкан.

Казакстан президентинин Алматыдагы резиденциясынын имараты 1995-жылы пайдаланууга берилген.

Пикир

Оставить комментарий