• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Казакстанда шахмат боюнча өткөн турнирде кыргызстандык Михаил Бешимов коло медаль утту

Спорт 0

Бишкек, 11.07.19. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Казакстанда шахмат боюнча өткөн KBTU Open 2019 турниринде кыргызстандык Михаил Бешимов коло медалга ээ болду. Бул тууралуу chess-results.com сайты жазып чыкты.

Турнир 4-июлдан 10-июль аралыгында Алматы шаарында өткөн. Ага Казакстан, Россия жана Кыргызстандан 31 спортчулар катышкан.

9 турдун жыйынтыгынын негизинде Бешимов алдыга чыгып, коло медалды утуп алды. 1-орунду казакстандык Абилмансур Абдильхаир утса, 2-орунга дагы бир казакстандык Казыбек Умбетов ээ болду.

Пикир

Оставить комментарий