• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Казакстанда шахтадагы кырсыктан бир жумушчу каза болду

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 19.07.19. /Кабар/. Чыгыш Казакстандагы Артемьев шахтасында жардыруу иштери маалында жалданма ишкананын жумушчусу каза болду. Бул тууралуу бейшембиде KAZ Minerals компаниясы кабарлады.

Компания 17-июлда кечки саат сегиздерде болгон окуяны «кокустук» деп атап, аны иликтөө үчүн атайын комиссия түзүлгөнүн билдирди.

Артемьев шахтасы «Востокцветмет» ишканасынын курамына кирет жана «Артемьев» полиметалл кенинин бир бөлүгү болуп эсептелет. Шахта Чыгыш-Казакстан облусунун административдик борбору Усть-Каменогорск шаарынан 120 чакырым алыстыкта жайгашкан. Анда жалпысынан 1 200гө жакын адам иштейт.

KAZ Minerals Казакстандагы ири жез өндүрүүчү болуп эсептелет. Анын акцияларынын үчтөн бири миллиардер Владимир Кимге таандык. Америкалык Forbes журналынын версиясына ылайык, Ким Казакстандын эң бай адамдардынын бири болуп эсептелет.

Пикир

Оставить комментарий