• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Казакстанда социалдык түйүндөрдө диний ыр уккан жаран соттолууда

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

БИШКЕК, 22.08.17. /Кабар/. «ВКонтакте» социалдык түйүнүндө нашиддерди уккан (диний ырлар) Алматы шаарынын жашоочусу “терроризмди пропагандалоо” жана “диний кастыкты козутууга” айыпталууда.

Беш айга созулган тергөө райондук сотко өттү. Адвокат ыр укканы үчүн айыпталган учурга биринчи жолу туш болуп жатканын айтты.

Алматынын 32 жаштагы тургуну Шухрат Кабиров атайын кызмат тарабынан 2017-жылы апрелде камалган. Ал социалдык, улуттук, расалык жана диний кастыкты козутууга жана жалпыга маалымдоо каражаттарын колдонуу менен терроризимди үгтүттөөгө айыпталууда.

2014-жылы «ВКонтакте» социалдык түйүнүндө Алим Ахмедовдун аккаунту аркылуу араб жана чечен тилдердинде нашиддер жарыяланган. Бул диний ырлар интернетте азыр дагы бар. Аккаунттун ээси өз барагына акыркы жолу 8-августта кирген. Тергөө айыпталуучу Шухрат Кабиров социалдык түйүндө Алим Ахметов ысымы менен катталган деп эсептейт.

Айыпталуучу жана анын адвокаты интернетте диний ырларды жайылткан Алим Ахмедов менен байланышы жок экенин билдиришүүдө.

Соттук дин таануу экспертизасы учурунда «Алим Ахметов» тарабынан жайылтылган ырларда диний кастыкты козутуу, терроризм жана экстремизмди пропагандалоо белгилери бар деп табылган.

Пикир

Оставить комментарий