• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Казакстанда стритбол боюнча өткөн чемпионатта кыргызстандык спортчулар алтын медаль утушту

Спорт 0

Бишкек, 10.07.19. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Казакстанда кыздар жана балдар арасында өткөн баскетболдун стритбол боюнча чемпионатында Кыргызстандан барган команда жеңишке жетишти. Бул тууралуу спорттун аталган түрү боюнча федерациясынан билдиришти.

Турнир Алматы шаарында Казакстан менен Кыргызстандын командаларынын катышуусу менен өттү.

11-12 жаш курагындагы кыздар жана балдар арасында өткөрүлгөн турнирде кыргызстандык Gines 29 командасы алтын медаль утту.

Мындан сырткары, Амир Рустамов айып соккусун ыргытуу боюнча өткөрүлгөн конкурстун жеңүүчүсү болсо, Мария Тугай MVP мелдешинде "Баалуу оюнчу" аталды.

Пикир

Оставить комментарий