• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Казакстанда студентти сабаган мугалимге кылмыш иши козголду

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 14.01.19. /Кабар/. Алматы облусунун Жаркент шаарынын коллеждеринин биринде дене тарбия сабагынан берген мугалимге студентти сабаганы үчүн кылмыш иши козголду.

Социалдык түйүндөрдө тараган видеодо спорттук кийимчен киши окуу бөлмөсүндө студентти башка чаап, төшкө тээп, сөгүнгөнү көрсөтүлгөн.

Облус акиминин басма сөз катчысы Галымурат Жукел окуя 10-январда Жаркенттеги көп тармактуу коллежде болгонун билдирди. Мугалимге карата “Жашы жете элек өспүрүмдү тарбиялоо боюнча милдетин аткарбоо” беренеси менен кылмыш иши козголду. Атайын териштирүү жүрүп жаткандыктан, ал жумушунан четтетилди.

Бул арада Казакстан Билим берүү жана илим министрлиги аскерге чейинки даярдык сабагынан берген мугалимдин студентке акарат келтишиши боюнча башка бир видеожазуу тууралуу комментарий берди.

Маалыматка караганда, “Прогресс” коллежинин окутуучусу 17 жаштагы студентти сөгүп-сагып, психологиялык басым көрсөткөн. Окуу жайдын директору сөгүш алган, мугалим жумуштан бошотулган.

Пикир

Оставить комментарий