• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Казакстанда сутка ичинде коронавирус жуктурган 1495 учур катталды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 30.06.20. /Кабар/. Казакстанда сутка ичинде коронавирус жуктурган 1495 учур катталды. Анын ичинен 1 миң 3 жаранда оорунун белгилери байкалган эмес. Бул тууралуу Tengrinews.kz сайты жазып чыкты.

Ага ылайык, Алматыда 59, Нур-Султанда 57, Чыгыш Казакстанда 51, Карагандада 49, Шымкентте 38, Актөбеде 34, Батыш Казакстанда 31, Павлодарда 31, Костанайда 27, Атырауда 23, Түндүк Казакстанда 22, Алматы облусунда 19, Түркестанда 14, Кызылордада 11, Акмолада 10, Жамбылда 10 жана Маңгистауда 6 адам илдетке кабылган.

Казакстанда коронавирусту жалпы 21 миң 819 адам жуктурган. Алардын 13 миң 8 адам айыкса, 188и каза болуп калган. Ал эми 17 миң 641 адамда оорунун белгилери байкалган эмес.

Пикир

Оставить комментарий