• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Казакстанда төрт өзбекстандык жол кырсыгына кабылды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 21.05.19. /Кабар/. 18-майда Казакстандын түштүк-батышындагы "Бейнеу – Тажен" автожолундагы жол кырсыгынан төрт өзбекстандык жабыркаган.

Өзбекстан Тышкы иштер министрлигинен кабарлашкандай, аварияда Түркия жараны каза тапкан, калгандары Бейнеу райондук ооруканасына жеткирилген.

Учурда өзбек жараны Аширов Бобомурад жандандыруу бөлүмүндө. Калгандары ооруканадан чыкты.

Өзбек жарандарына сапаттуу медициналык жардам көрсөтүү үчүн Өзбекстандын Казакстандагы элчилиги Мангистау облусу менен Бейнеу районунун акимчилиги менен сүйлөштү. Жабыркагандарды мекенине жеткирүү боюнча чара көрүлүүдө.

Маалыматтарга караганда, жол кырсыгына кабылган «Лада-Ларгус» автоунаасында жети киши, анын ичинде төрт өзбекстандык бараткан.

Пикир

Оставить комментарий