• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Казакстанда табылган жылкылар Кеминде жоголгондорго тиешеси жок – Чүй облустук милициясы

Коом 0

Бишкек, 16.11.21. /Кабар/. Казакстанда табылган жылкылар Кеминде жоголгон 50дөн ашык жылкы жана кулундарга тиешеси жок. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 16-ноябрда социалдык тармактарда Казакстанда жергиликтүү тургун жылкылардын тобун таап, короого камап турганы жөнүндө видео материал тарап, анда аталган жылкылардын тобу Кеминде жоголгон жылкылар болушу мүмкүн экени айтылат.

«Ушуга байланыштуу Кемин райондук милициясынын кызматкерлери тарабынан бул маалыматты тактоо максатында бардык издөө жана ыкчам иш аракеттер жүргүзүлдү. Анын жыйынтыгында видеоматериалда көрсөтүлгөн жылкылардын тобу Кемин районунда жоголгон жылкы жана кулундарга тиешеси жок экени аныкталды», - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, 15-ноябрда Кеминде 50дөн ашык жылкы жана кулун жоголгону тууралуу маалымат тарап, облустук ички иштер башкы башкармалыгы тарабынан тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүп жатканы белгиленген.

Пикир

Оставить комментарий