• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Казакстанда темир жолдогу авариядан кийин тургундар көпүрө салууну талап кылышууда

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 16.09.19. /Кабар/. Жекшемби күнү Алматы облусунун Шамалган станциясында жүргүнчү поезд менен автобус кагылышкандан кийин ондогон жашоочулар темир жолду тосуп, көпүрө салууну талап кылышты.

Алар бул жерде дайыма тыгын болорун, кишилердин өмүрү үчүн кооптуу экенин билдиришти:

— Машиналар үч катар тизилип турушту. Автобус линиясында башка транспорт болгон. Ал жүрүп кеткенден кийин автобус өз линиясына турду. Ошол маалда поезд көрүндү. Салондогулардын басымдуу бөлүгү балдар болгон. Айдоочу шашылыш түрдө аларды автобустан чыгара баштады. Поезд жакындаганда ал рулга отурду. Бирок тыгындан улам автобусту ордунан жылдыра алган жок. Ошол маалда поезд автобусту сүзүп кетти. Шлагбаум поезд өтө эле жакындаганда жабылды. Айдоочу үлгүрбөй калды. Биз баарыбыз муну көрүп турдук, –деди күбөлөрдүн бири Кайрат Маратов.

Жашоочулар 11 жылдан бери көпүрө салууну талап кылып келе жатышканын айтып, нааразы болушту. Маалыматка караганда, бул жерде бир нече жолу кырсык болуп, кишилер өлгөн.

Карасай районунун акими Жандарбек Далабаев көпүрө үчүн акча бөлүнө электигин, болгону схемасы иштелип чыкканын билдирди. Нааразылыкка чыккандар 17-сентябрда акимчиликте жолугушуу өткөрүүгө макудашып, үйлөрүнө тарап кетишти.

15-сентябрда болжол менен кечки саат жетиде Алматы облусунун Шамалган станциясында автобус менен поезд сүзүшкөн. Анын кесепетинен автобустун айдоочусу мерт болгон.

Дагы бир аял жана эки бала ооруканага жеткирилген. Алматы облусунун акимчилиги билдиргендей, алар катуу жаракат алган, бирок абалы туруктуу. Кырсык учурунда жаракат алгандар автобустун ичинде болгон.

Полиция сотко чейинки иликтөө иштерин баштады. Поезддер штаттык режимде иштөөдө.

Пикир

Оставить комментарий