• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Казакстанда тепловоз жүк унаасын сүздү

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 28.05.18. /Кабар/. Ишемби күнү Казакстандын Мангистау облусунда тепловоз темир жолго чыгып кеткен жүк унаасын сүздү. Полициядан кабарлашкандай, жол кырсыгынан жабыркагандар жок.

27-май кечинде «КТЖ-Жүк ташуу» компаниясы кырсык Курык — Порт— Ерсай темир жол бөлүгүндө болгонун билдирди. Маалыматка караганда, жүк унаасынын күтүүсүздөн жолго чыга калганын көргөн машинист тепловозду чукул токтотууга аракет кылган.

Болжолдуу версия боюнча кырсыкка жүк унаасынын айдоочусу күнөөлүү экени айтылууда.

«Айдоочу алдындагы STOP деген эскертүү белгисине көңүл бурбастан темир жолго чыгып кеткен. Кырсыкты болтурбай коюууга мүмкүн болгон эмес. Жабыркагандар жок», — деп билдиришти компаниянын басма сөз кызматынан.

Учурда кырсык боюнча тергөө иштери башталды.

Пикир

Оставить комментарий