• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Казакстанда тиш дарылоочу клиникада дарыланган 2 жаштагы кыз комага түштү

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 08.01.20. /Кабар/. Казакстандын борбор калаасындагы жеке тиш дарылоочу клиникада тишин дарылаткан 2 жаштагы кыз комага түштү. Клиникада текшерүү жүрүп жаткандыгын өлкөнүн Саламаттык сактоо министри Елжан Биртанов билдиргенин РИА Новости жазып чыкты.

Буга чейин социалдык тармактарда ал кыздын энесинин билдирүүсү тараган. Билдирүүдө энеси эки жарым жаштагы кызы менен Нур-Султан шаарындагы жеке тиш дарылоочу клиникага барганын жазат. Медициналык дарылоодон кийин кыз комага түшкөн.

"Тишин дарылатып комага түшкөн кыз боюнча №2 шаардык балдар ооруканасында консилиум өткөрдүк. Кыздын абалы оор деп бааланууда. Дарыгерлер кызды күнү-түнү карап жатат", - деп Биртанов өзүнүн Facebook баракчасына билдирүү калтырган.

Министр кошумчалап кеткендей, учурда аталган клиникада текшерүү иштери жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий