• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Казакстанда өткөн суткада коронавирус 1809 адамдан аныкталды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 06.04.21. /Кабар/. Казакстанда өткөн суткада коронавирус инфекциясы 1 миң 809 адамдан аныкталды. Бул тууралуу coronavirus2020.kz. сайтына шилтеме менен “Казинформ” эл аралык маалымат агенттиги билдирет.

Маалыматка ылайык, Нур-Султан шаарында - 242, Алматы шаарында - 585, Шымкент шаарында - 30, Акмоло облусунда- 60, Актөбе облусунда - 153, Алматы облусунда - 278, Атырау облусунда - 64, Чыгыш-Казакстан облусунда - 23, Жамбыл облусунда - 28, Батыш-Казакстан облусунда - 101, Караганда облусунда - 90, Костанай облусунда - 34, Кызылорда облусунда - 39, Мангистау облусунда - 11, Павлодар облусунда - 31, Түндүк-Казакстан облусунда - 24, Түркестан облусунда – 16 адамдан COVID-19 аныкталган.

Казакстанда пандемия башталгандан тарта бардыгы болуп 256 миң 837 адам коронавирус жуктурган.

Пикир

Оставить комментарий