• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Казакстанда өткөн суткада коронавирус 2586 адамдан аныкталды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 08.04.21. /Кабар/. Казакстанда өткөн суткада коронавирус инфекциясы 2 миң 586 адамдан аныкталды. Бул тууралуу coronavirus2020.kz. сайтына шилтеме менен “Казинформ” эл аралык маалымат агенттиги билдирет.

Маалыматка ылайык, Нур-Султан шаарында - 578, Алматы шаарында - 710, Шымкент шаарында - 81, Акмоло облусунда - 98, Актөбе облусунда - 117, Алматы облусунда - 325, Атырау облусунда - 137, Чыгыш-Казакстан облусунда - 55, Жамбыл облусунда - 39, Батыш-Казакстан облусунда - 125, Караганда облусунда - 160, Костанай облусунда - 33, Кызылорда облусунда - 22, Мангистау облусунда - 43, Павлодар облусунда - 28, Түндүк-Казакстан облусунда - 16, Түркестан облусунда – 19 адамдан COVID-19 аныкталган.

Казакстанда пандемия башталгандан тарта бардыгы болуп 261 миң 503 адам коронавирус жуктурган.

Пикир

Оставить комментарий