• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Казакстанда учак кыйрап, беш киши каза тапты

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 04.10.17 /Кабар/. Алматыга жакын жерде Санитардык авиациянын Ан-28 учагы кыйрап, беш киши каза тапты. Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар комитети кабарлагандай, окуя 3-октябрь күнү кечинде Иле районунда болду.

Акимчиликтин маалыматы боюнча учак дыйкан чарбасынын аймагына кулап, күйүп кеткен. Кырсык учурунда электр өткөрүү линиялары үзүлгөн.

Учак бейтапка жардам көрсөтүү үчүн Алматы-Шымкент-Алматы багыты боюнча бара жаткан. Маалыматтарга караганда, бортто үч учкуч жана эки медициналык кызматкер болгон.

Санитардык авиациянын учагы 18.35те Алматыдан Шымкентти көздөй учуп, 12 мүнөттөн кийин локатордон жоголуп кеткен.

Булагы: CENTRAL ASIAN

Пикир

Оставить комментарий